29.05.2018 20:34

Сапар Исаковго «Жемкорлук»  беренеси менен айып тагылды

Сапар Исаковго «Жемкорлук»  беренеси менен айып тагылды

Мурунку премьер-министр Сапар Исаковго Бишкек ЖЭБин жаңылоо  боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында «Жемкорлук»  беренеси менен айып тагылып, өлкөдөн чыкпоого милдеттендирилди. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы билдирет. 

Маалыматта: «Сапар Исаков 2013-жылы президент аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында турган кезде "Бишкек ЖЭБин модернизациялоо" долбоорун ишке ашырууда өзүнүн саясий абалынан пайдаланган. Ал адамдардын бир тобу менен алдын ала белгиленген иш аракеттерди кылуу аркылуу, подрядчикти тандоо сынагында чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын колдогон. Натыйжада мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга ири көлөмдөгү чыгым келтирилген», — деп жазылат.

Эскерте кетсек, бүгүн, 29-майда  Сапар Исаков саат 14:00гө Коопсуздук комитетине суракка чакырылган. Суракка кирип бара жатып, Исаков кабарчыларга: «Бул - териштирүү убагында боло жүрчү  процедуралардын бири. Андыктан, Кыргызстандын жараны, мурунку өкмөт башчы катары, президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн мурунку башчысы катары коюлуп аткан суроолорго келип, жооп беришим зарыл», -деп билдирген. Ошондой эле, жемкорлукка малынбай, таза иштегендиктен, аны камаганга негиз жок экенин кошумчалаган.